Жуманазаров Кудайберген

Википедия дан

Жуманазаров Кудайберген (1937–1999) - акын, 1937-жылы Токтогул ооданына караштуу Үч-Терек совхозунда туулган. Мектептен кийин Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын жасоочу заводдо пресстөөчү болуп иштеп жүрүп, № 1-техникалык окуу жайына кирет.
1958-жылы Фрунзедеги өндүрүш ишканаларынын комбинатында бетончу болуп эки жыл иштеген. Кийин «Ленинчил жаш» гезитинде адабий кызматкер болуп ишке орношот.
1961–1968-жж. «Жаш Ленинчи» журналынын адабий кызматкери, «Ленинчил жаш» гезитинин Ош дубаны боюнча кабарчысы, бөлүм башчысы, 1984-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгында жооптуу катчы болуп иштейт.
К.Жуманазаровдун биринчи ыры 1965-жылы «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган. Акындын «Кара-Көл оттору» алгачкы китеби 1969-жылы жарык көргөн.
1970-жылдан КСРБ Жазуучулар союзунун мүчөсү.
В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Кара-Көл оттору.– Ф.: Кыргызстан, 1969. – 112 б.

Ат жалындагы ыр: Өспүрүмдөр үчүн – Ф.: Мектеп, 1971 – 79 б.

Улуу акындын жергесинде: Очерк.– Ф.: Мектеп, 1974 – 52 б.

Тогуз кайрык.– Ф.: Мектеп, 1975.

Акжол: Ырлар, поэмалар.– Ф.: Кыргызстан, 1977. – 64 б.

Тайгадагы кеч: Ырлар жана поэмалар.– Ф.: Мектеп, 1979. – 124 б.

Көгүлтүр жылдыздар: Ырлар жана поэма. Ф.: Кыргызстан, – 100 б.

Жазгы жамгыр: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 176 б.

Ырыстын ырлары: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 16 б.

Токтогулдун ыры: Поэма жана ырлар.– Ф.: Адабият, 1990. – 104 б.