Жумгал суусу

Википедия дан
Жумгал суусу

Жумгал суусу - (моңголчо дзун сол же чыгыш жана гөл суу; сол куйма маанисинде) Жумгал районундагы суу, Көкөмерендин сол куймасы. Кызарт жана Базар-Турук суулары кошулуп, Жумгалды түзөт. Узундугу. 96 км, алабынын аянты 3080 км2. Өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнүн таманы деңиз деңгээлинен 2000-2200 м бийиктикте (туурасы 3-5 км) жатат; ал батышты карай жапыздап (1485 мге чейин), таманы 25 кмге чейин кеңийт. Чаектен батышка карай өрөөнү кайра кууштайт. Жээги жайык тектирлүү. Ири куймалары: Чаар-Арча, Кызарт, Түгөл-Сай, Баш-Кууганды, Орто-Кууганды, Кара-Кече, Беш-Терек, Миң-Теке жана башка Жылдык орточо чыгымы 11,2 м3/сек, эң көбү 77,0 м3/сек, эң азы 5,30 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, августта тартылат. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Жумгалдын алабында көл көп; ирилери: Сары-Көл (аянты 0,36 км2), Баш-Кууганды (0,22 км2), Чоң Таш-Көл (0,24 км2) жана башка Жумгалдан бир нече сугат каналы башталат; ирилери: Жаңы-Арык, Сары-Талаа. Жээгинде Чаек, Түгөл-Сай, Арал, Кайырма, Багышан жана башка кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]