Жумгал (топоним)

Википедия дан

Жумгал — (моңголчо зүүн, калмакча зүң. Бирок бул сөз эки маани берет; биринчиси - күнчыгыш, экинчиси - сол) - топоним.

Кыргыздар эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары эпосто көп эскерилет. Кытай-калмактар башта басып алган ата-журтун бошотуу үчүн Манас баш болуп Алтайдан аттанып чыккан кыргыздардын Үрбү, Мунаркан жетектеген колу бул өрөөндөгү калмактын Кубан калдайын багындырышкан. С. Орозбаковдун варианты боюнча анын баштагы аты - Буйда-Суу.

Кыргыздар калмактарды багындыргандан кийин бул жер Ж. деген атка көчкөн. Бирок калмактар койгон ысым кала берген. Геогр. реалияда Нарын чөлкөмүнүн оң капшытындагы өзөн, Өрөөн жана тоо кыркасы.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2