Жумушсуздуктун экономикалык чыгымдары

Википедия дан

Жумушсуздуктун экономикалыкчыгымдары - Жумушсуздук, негизги макроэкономикалык проблемалардын бири катары, экономикалык жана социалдык натыйжаларга ээ.

Жумушсуздуктун Оукендин законунда сүрөтгөлгөн экономикалык чыгымдарына токтололу. Экономиканын кызмат өтөшүнүн жана жумушсуздуктун натыйжасы өз ара байланыштуу экендигин белгилейбиз.

а) Ресурстарды толук пайдалануу учурунда (иш менен толук камсыз болуу учурунда), б.а., жумушсуздуктун табигый деңгээлинде, экономикада төмөнкүчө аталган өндүрүш көлөмү Ү* түзүлөт:

  • экономиканын өндүрүштүк потенциалы;
  • же продукция чыгаруунун табигый деңгээли;
  • потенциалдуу УДП - фрикциялык жана структуралык жумушсуздуктун шартында өлкөнүн өндүрүшүнүн көлөмү.

в) Ресурстарды толук эмес пайдалануу учурунда, б.а., циклдик жумушсуздуктун шартында экономикада Ү* айырмаланган УДП (Ү)нын реалдуу (иш жүзүндөгү) мааниси түзүлөт.

с) (Ү-Ү*) ортосундагы айырма төмөнкүчө аталат:

  • УДПнын көлөмүнүн артта калышы;
  • УДПнын көлөмүнүн четтеп кетиши, Продукциянын абсолюттук коромжулуктары - бул экономика өндүрүштүк потенциалдын толук эмес пайдаланылышынан улам жоготкон продукция, б.а., сөз жумушсуздуктун экономикалык чыгымдары жөнүндө жүрүп жатат.

Иш жүзүндөгү статистикалык катарларды талдап чыгуу УДПнын көлөмүнүн артта калышы менен жумушсуздуктун деңгээлинин ортосунда корреляция бар экендигин көрсөтөт: жумушсуздуктун деңгээли канчалык жогору болсо, продукциянын абсолюттук коромжулуктары ошончолук көбүрөөк болот, б. а., жумушсуздуктун термелүүлөрү УДПнын термелүүлөрү менен байланышкан.

Бул көз карандылыкты Артур Оукен математикалык жактан Оукендин закону катары бөлүп чыгарган, ал төмөнкүдөй түргө ээ: (Ү-Ү*)/ Ү* = - К* (U-U*), мында: К = 2-3 - Оукендин коэффициенти деп аталган, УДПнын циклдик жумушсуздукка карата сезимталдыгынын коэффициенти, (U-U*) - циклдик жумушсуздук, /-/ белгиси УДПнын көлөмүнүн жана циклдик жумушсуздуктун артта калышынын тескери көз карандылыгын билдирет. Рынок экономикасы болгон өлкөлөрдө жумущсуздук туруктуу мүнөзгө ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9