Жуп жалбырактуулар

Википедия дан
Larrea tridentata.

Жуп жалбырактуулар (лат. Zygophyllaceae) – эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүк тукум. Бир же көп жылдык чөп, чала бадал же бадал, айрым түрү дарак. Тушташ же кезектешип жайгашкан жалбырактары жан жалбыракчалуу. Гүлдөрү туура түзүлүштүү же башчадай, калемчедей топ гүлдү түзөт. Чөйчөкчөсү жана желекчеси 4-5, айрым түрлөрүндө жок. Аталыгы 4-15, мөмөлүгү бирөө, 3-5 уячалуу. Мөмөсү – кутуча, данекче же ширелүү жемиш. Жер жүзүндө Ж. ж-дын 28 уруусу, 300 түрү белгилүү, алар ысык жана кургак аймакта таралган. Кыргызстанда 4 уруунун 11 түрү кургак, шордуу талаада, адырда өсөт. Айрым түрлөрү (адырашман) дарылык үчүн, ал эми кээси (боз коңорчок) топуракты эрозиядан сакттоодо мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]