Журтчу, тaрпчы
Журтчу, тaрпчы (Neophron percnopterus), (Linnaeus, 1758):
Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Сахара кумдуу чөлү жана нымдуу тропикалык токойлордон башка Африкада. Евразия, Чыгышка карай Пириней жарым аралынан тартып Жунгар Алатоосуна чейин, Борохор, Тескей Алатоо кыркалары, Алай кырка тоосунун чыгыш жагы, Батыш Памир жана чыгышка карай Гималайдын түштүк бетине чейин. Түндүккө карай борбордук Францияга, Түндүк Италия, Югославиянын ортосуна чейин; Румынияга, Днестр өзөнүн түштүккө карай Черновцыга, Крым, Чоң Кавказ, Мангышлак, Каратоо кыркасы, Чүй-Илий тоолорунан Жунгар Алатоосуна чейин. Түштүктү көздөй Жер Ортолук деңиздин жээктери, Кичи Азияга, Түштүк Аравияга, Түндүк Азиянын океан менен чектелген жерине чейин; Индостан жарым аралында; Жашыл булуң, Канар, Балсар, Сицилия, Сонотра аралдары, Кипрде убактылуу учуп келгени байкалган . Ошентип, Кыргызстандын түндүк-чыгышында анын ареалы жайгашкан. Бул жерлерде бардык ареалдары ээлейт, бирок башка жоруларга караганда жапыз тоолордо кездешет .
Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]
Республиканын чөлдүү тоо этектери жана орточо бийик тоолордо, ландшафттары тилкеленген жерлерде жашашат. Субалңпы шалбаасында анда-санда кездешет.
Саны[оңдоо | булагын оңдоо]
Маалымат өтө аз. 1955-жылы 20-мартта П.П.Тарасов Балыкчы шаарынын аймагында тарпчынын 20 особдон турган тобун байкаган. Болжолдоп айтканда, ал анын учуп бара жаткан мезгилинде байкаган. Биздин маалыматтар боюнча, анын уялоочу популяциясынын жорулардын башка түрлөрүнө караганда саны бир топ төмөн. 1992-жылы изилделген 44 капчыгайдын тарпчы биринде гана болгону белгилүү. Ошол эле жылы 15-сентябрда Ош областында Араван районундагы Араван өзөнүндөгү 1000 м бийиктиктеги Дангитуямоюн капчыгайында бир жуп чоң куш бир балапаны менен табылган. Эртеси үчөө тең учуп кетишкен. Андан кийин табылган эмес . Ысыккөлдүн чыгышында тарпчы өтө сейрек кездешет (1км2 жапалак арчалуу аянтта 0,002 особң) .
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[оңдоо | булагын оңдоо]
Келгин куш. Аскаланган тоолорго уя салат.
Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]
Жапайы ача туяктуулардын санынын азайышы анын азыктык базасын азайышына алып келет, аны максатсыз атуу.
Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстанда колго багылбайт.
Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстанда коргоо үчүн атайын чаралар колдонулган эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]
Уялоочу жерлерин картага түшүрүү зарыл, көбөйүү мезгилинде тынчын алуучу факторлорду болтурбас максатында зоологиялык чакан заказниктердин картасына уялоочу жерлеринин реестрин көрсөтүү керек. Жергиликтүү элдин арасына тарпчынын популяциясын сактоо боюнча түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү.Тарпчынын жергиликтүү популяциясы санын, таралышын, уялоонун биологиясын, мүмкүнчүлүк болсо, морфологиялык белгилерин изилдеш өтө зарыл. Ошондой эле, анын санынын өсүшүн карап жана өсүшүнө көмөк бере турган чараларды сунуш кылыш керек (жасалма түрдө жем даярдоо, уялоочу жерлерин түзүү ж.б.). Ошондой эле уялоочу жерлеринде, учуп өтүү жана кыштоочу мезгилинде түрдү коргоо максатында стратегия иштеп чыгуу үчүн тарпчы кыштаган өлкөлөрдөгү орнитологиялык бирикмелер менен сөзсүз байланышта болуу зарыл болуп эсептелет.
Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]
V категория, Vulnerable, VU: R. Кыргызстандын фаунасынын бир уруусунун бир өкүлү, анын ареалынын чеги түндүк-чыгыш жактан өтөт. Номинативдүү түрчөсү кездешүүдө.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2