Жутакеев Абылкасым

Википедия дан

Жутакеев Абылкасым — (орус. Джутакеев Абылкасым) 1888 жылы азыркы Жан-Булак айылы, Жети-Суу облусу, Орусия империясында туулган, 1931 жылы Кыргыз ССРинде каза болгон — кыргыздан чыккан совет акын-жазуучусу. Ушул убакыттагы акындар менен, кыргыз адабиятынын башына кол койгон. Анын каза болгонунан кийин, анын адабиятын, жазуусун, даңазалоо башталган.

Абылкасым
Жутакеев Абылкасым
Ишмердүүлүк тармагы:

акын

Туулган датасы:

1888 жыл(1888)

Туулган жери:

Жан-Булак айылы, Жетисуу облусу, Орусия империясы

Жарандыгы:

Орусия Орусия империясы

Букаралык:

Орусия Орусия империясы
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

1931 жыл(1931)

Атасы:

Жутакей[1]

Апасы:

Уулча

Уруусу жана уругу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы Жутакей, Моңолдордон чыккан Куусөөк уругунун Саркашка сөөгүнөн болгон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абылкасым Жутакеев 1888-жылы Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. Абылкасым ата-энесинен өтө эрте ажырайт, каралашар кишиси жок ар кимдин малын багып , отунун алып күн көрөт. Оор турмуш , көкөйүн кескен жокчулук да анын алгачкы ырларынын мазмунуна айланат. Он беш жашка келгенде Буудайчы деген молдонун жардамы менен сабатсыздыгын жоюп, өзүнүн алгачкы ырларын кагаз бетине түшүрө баштаган. Абылкасымдын ырчылык жөндөмдүүлүгү эрте ойгонуп, той-аштарда ырдай баштайт. Карапайым элдин көргөн күнү, күткөн тилеги А.Жутакеевдин «Кайран эл», «Кайткан эл», «16-жыл» аттуу чыгармаларынын өзөгүн түзгөн.
1917-жылдагы Октябрь революциясы А.Жутакеевдин чыгармачылыгына, кийинки тагдырына таасир эткен.
1920-жылы акын Алматыда мугалимдерди даярдоо боюнча алты айлык курсту бүтүрүп,
1923-жылга чейин айылында окутуучулук кесибин кылат.
1923-жылы Нарын уездиндеги, «Союз кошчу» уюмунун төрагалыгына дайындалат.
1924-жылы В.И.Лениндин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу акын өзүнүн «Ленин кошогу» аттуу чыгармасын жазган.
Абылкасым Жутакеев –kыргыз адабиятынын тарыхына өз көркөм чыгармалары менен белгилүү салым кошкон жазгыч акындарыбыздын бири. Анын “Ленин кошогу”, “Качак турмушу”, “Үч доор” аттуу чыгармалары кыргыз элинин арасында белгилүү. “Жетимдик”, “Жокчулук” деген чыгармалары бар.
Таштап кеттиң ата-эне,
Жаш балапан кезимде.
Кайрылган киши жок болду,
Кайгылуу мендей жетимге.
Көйнөгүм жок жылыңач,
Куур тонум этимде.
Жабыркап жаман жүдөдүм,
Турмуштун өтүп запкысы.
Жадырап качан ачылат,
Жабыккан жетим бактысы.
Эми ушинтип өтөбү,
Жаш өмүрдүн таттысы.
Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда Абылкасым Жутакеевдин ырчылык жөндөмү эрте билинет. Ал 13 – 14 жашынан тартып кыз оюндарда, чакан той- тамашаларда ырдай баштайт. Жыйырма жаш курагында кадимки ырчы катары жердештерине таанылып калат.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин кошогу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 49 б. Ленин кошогу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 128 б. Ленин кошогу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 32 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Фрунзе 1988

  1. https://kutbilim.kg/news/inner/eki-doordun-akyny-ky/