Жуукучак өрөөнү

Википедия дан

Жуукучак өрөөнү - Тескей Алатоонун түн. капталында. Жети-Өгүз р-нунда. Уз. 24 км, туурасы 1,5–2 км.

Басымдуу бийикт. 4000 м. Таманынын эң бийик жери 3800 м, жапыз жери 1995 м бийиктикте. Өрөөн негизинен эрозиялык процесстерден пайда болгон. Морфологиялык жактан экиге бөлүнөт: жогору жагы (12,8 км аралыкта) тепши сымал өрөөн; төртүнчүлүк мезгилинин аралыгында өрөөндүн таманынын 19,7 км2 аянтын мөңгү ээлеген; азыркы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 3,5 км2. Кар чеги азыр 3878 м бийиктиктен өтөт; төмөнкү бөлүгү 11,2 кмге чейин V сымал түзүлүштө; капталдары тектирлүү. Негизинен ортоңку протерозойдун мраморлошкон, доломиттешкен акиташ теги, филлит,сланец тектеринен туруп, үстүнкү протерозойдун гранит-диорит, гранит интрузия тектери жиреп чыккан. Климаты мелүүн континенттик; январдын орт. Темп-расы –5,1°С, июлдуку 14,1°С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Суусу Жуукучак (Жуукунун эң чоң куймасы). Кургак талаа, бадал аралашкан шалбаалуу талаа, токой, субальп ж-а альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Кооз ландшафты туризмге, эмгекчилердин эс алуусуна ылайыктуу. Өрөөн аркылуу Арабел сырттарына жол (төрүндөгү ашуунун бийикт. 4042 м) өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2