Жуушаң

Википедия дан

Жуушаң - кайчынын бир түрү. Майда жандыктардын жүнүн кырка турган курал. Ал ак болоттон жасалат да, жаагынын узундугу болжолдо 40—45 см, калыңдыгы бычак сырты болот. Жүндү кыркууда оң колдун сөөмөйү менен бармагы кенен баткандай кайчы өңдүү тегерек шакекче көзү чебер жасалат. Жуушаң учу аркылуу теридеги жүндү текши жиретип алып, сол кол жуушаңдын эки учун бүктөй капшыра кармаганда жүн таза жана арымдуу кыркылат.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)