Жыйырма сегиз панфиловчулар

Википедия дан

Жыйырма сегиз панфиловчулар – Улуу Ата Мекендик согушта Москва алдындагы салгылашта артыкча эрдик көрсөткөн панфиловчу жоокерлер. Волокаламск шаарынан түштүк-чыгыш тарапта Дубосеково темир жол разъездинде 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунун 2-батальонунун 4-ротасынын аткычтары душманга каршы төрт саат бою салгылашкан. 28 жоокерден турган бул топту кенже саясий жетекчи В. Г. Клочков-Диев (1911–1941) башкарган. Анын уруш алдында айткан, «Россия – кең, бирок чегинүүгө жер жок – артыбызда Москва» – деген сөзү борбор шаарды коргоочулар үчүн ураанга айланган. Жоокерлердин алтоо – Николай Ананьев (1912–1941), Григорий Конкин (1911–1941), Иван Москаленко (1912–1941), Григорий Петренко (1909–1941), Григорий Шемякин (1906–1975) жана Дүйшөнкул Шопоков (1913–1941) Кыргызстандан болушкан. Жоокерлер чабуул коюп келе жаткан фашисттик элүүдөй танктын он сегизин талкалап, калганын чегинүүгө аргасыз кылышкан. Жыйырма сегиз баатырдын 23ү курман болгон. 1975-жылы бул салгылашуунун ордуна «Жыйырма сегиздин эрдигине» деген эстелик ансамбль тургузулган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.