Жылаажан

Википедия дан


Жылаажан - кыргыздын эн байыркы музыкалык аспаптарынын бири.

Ал түштүк аймагында зыңгыроо, Ысыккөл, Нарын, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жашагандардын арасына куш коңгуроо деген аттарда тараган. Жезден жасалып, алтын, күмүш жалатылган кичинекей тоголок коңгуроо Жылаажанды наристе балдардын жакаларына, секелек кыздардын шуру, мончокторунун, келиндердин чач учугунун ар кайсы жерлерине, кыз минүүчү атка катылган жүгөндүн сагагына же эки жагына тагышкан. Ошондой эле кыз-келиндер кийүүчү бийик өкчөлүү өтүктүн такасын атайы көңдөйлөп, ага Жылаажан орнотушкан. Аны кийип басканда мукамдуу добуш чыккан. Азыркы тапта унутта калган аспап «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук, «Ордо сахна» ж. б. фольклордук ансамблдерде башка музыкалык аспаптар менен кошулуп ойлонууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.