Жыланчы

Википедия дан
Circaetus gallicus

Жыланчы (Circaetus gallicus), (J.F. Gmelin, 1788):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африка, Евразия, Кичи Азия, Иран, Пакистан, Индия, Аравияда кыштайт. Кыргызстандын түндүк жагында Чүй жана Талас өрөөндөрүндө кездешкени катталган, ошондой эле Ысыккөлгө жакын түштүк региондо кездешет. Кыргыз, Талас, Фергана, Чаткал жана Пскем тоо кыркаларында уялоо мезгилинде табылган .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоо этегиндеги адырлар жана чөлдөр. Республиканын түштүгүндө деңиз деңгээлинен 1500-2000 м бийикте жаңгак-токойлорунда уялоо мезгилинде кездешет .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда анын саны такталган эмес. Байкоого караганда акыркы 5 жылдын ичинде 2 особң гана кездешкен, ал эми 1998-жылы Нооруз капчыгайынын тоо этектеринде, 2001-жылы бир особң Бешарал коругунда, 2002-жылы Пскем тоосунун капчыгайында эки особң кездешкен. Бардык жерлерде анын саны анча көп эмес жана азайуу тенденциясы байкалат. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Кыргызстанда апрелдин башында учуп келишет . Майдын биринчи ондугунда уя сала баштайт. Уясында көбүнчө бир гана жумуртка, аны бир жарым айга жакын басып чыгарат. Сойлоп жүрүүчүлөр менен азыктанат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түздөн-түз кыруу, уяларын талкалоо, тынчсыздануучу фактору. Чарбачылык менен байланышту тоют базасын кыскартуу.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1986-жылдан тартып Республиканын территориясында аңчылык кылууга тыюу салынган. Сарычелек коругунун аймагында коргоого алынган. «Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп бара жаткан түрлөрүн соода-сатык боюнча эларалык конвенциясынын» 2- тиркемесине киргизилген .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Республика боюнча санын тактап чыгуу, биологиясын изилдөө, уялоо мезгилинде жасалма уяларга көнүктүрүү. Азык база абалын аныктап жана өзгөрүлүшүн тактап чыгуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V категория, Vulnerable, VU: R. Саны кыскарып бара жатат. Кыргызстандын фаунасында бир уруунун жалгыз гана өкүлү.C.g.heptneri Dementiev, 1932 түрчөсү кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]