Жылан жылы

Википедия дан
Жылан жылы жакшылыкка үмүттөндүрөт.
Жылан жылы жакшылыкка үмүттөндүрөт.

Жылан жылы – чыгыштын бир катар (түрк, монгол, кытай ж.б.) элдеринин, анын ичинде кыргыздардын он эки жаныбардын атына байланыштуу аталган 12 жылдык мүчөлгө негизделген жыл санак системасындагы жыл аттарынын бири. Бул системада Жылан жылы алтынчы орунду ээлейт.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнө элдеринин оригиналдуу жыл санак системаларынын бири – Евразиянын чыгышындагы кыргыз, түрк, монгол, тибет, кытай ж.б. чыгыш элдеринде колдонулуп келген он эки жаныбардын атына негизделген жыл санака системасы.

Ал – күн календарына негизделген.

Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.

Махмуд Кашгари (Барскани) болсо 11-кылымдагы теңир-тоолук түрк калктарынын жомогун өзүнүн “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” (1072-1077) эмгегинде чагылдырып калган. Анда жыл санактын келип чыгышы Иле дарыясынан чубап өткөн жаныбарлардын ирээти менен байланыштырылат.

Чыгыштын башка калктарында да бул жыл санактын пайда болушу тууралуу ар кыл кызыктуу жомоктор, уламыштар бар.

Жылан жылы 12 жылда бир жолу кайталанат. Григорийлик календарга (жыл санакка) салыштырып карасак, жылан жылы – Улустун улуу күнүнөн (жалган курандын 21инен) тартып башталат.

Демек, Жылан жылы 2013-жылдын жалган куран (март) айынын 21инде башталат. Андан соң 2025-жылдын, 2037-жылдын жалган куран (март) айынын 21инде кезектеги Жылан жылы башталат.

Бирок азыркы тапта кыргыздар Жылан жылын 2013-жылдын үчтүн айынын (январынын) 1ине караган түнү шарттуу түрдө эле белгилешет.


Мүчөлдү түзө турган жалпы жыл аталыштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы - “чычкан”, экинчиси - “уй”, үчүнчүсү - “барс”, төртүнчүсү - “коён”, бешинчиси - “улуу” (“ажыдаар”; кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы - “жылан”, жетинчиси - “жылкы”, сегизинчиси - “кой”, тогузунчусу - “мечин” (“маймыл”; байыркы кыргыз аталышы – “бечин”), онунчусу - “тоок”, он биринчиси - “ит”, он экинчиси - “доңуз” деп аталат.


Жылан жылы туулган даңазалуу жана белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылан жылы атактуу ойлоп табуучу жана меценат Алфред Нобел (Нобель), теги мажар америкалык актриса Жа Жа Габор (кыз кезиндеги аты - Шари Габор; мажарча Gábor Sári), Индиянын көрүнүктүү саясий ишмер айымы Индира Ганди, Американын 35-президенти Жон Кеннеди жана азыркы Орусиянын премьер-министри Д.Медведев туулган.

Элдик аңызга караганда, Жылан өзү сүрдүү жана байлыкты сүйгөн жаныбар болгондуктан, бул жылы төрөлгөндөр баарына акылкөйлүк менен мамиле кылгандыктарына карабастан, каршылык кылгандарды жаман көрөт, өз ойлорунан кайтпаган өжөрлүгү менен айырмаланышат.

Жылан жылындагылар өтө өжөр жана ийгиликтүү инсандар деп да айтылат.

Албетте, бул жоромолдор – тек гана жыл санакты популярдаштырууга багытталган жоромолдор болуп саналат.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.
    * Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты / Түз.: К.Жусупов, Ж.Бакашова, К.Иманалиев, М.К.Өмүрбай уулу; Редактору академик Абдыганы Эркебаев. - Б.: 2012. - 972 б. - ISBN 978-9967-26-570-7.
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.



Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]