Жылаңач-Бугу чокусу

Википедия дан

Жылаңач-Бугу чокусу - Молдо-Тоонун батыш бөлүгүндө. Тогуз-Торо өрөөнүнүн түндүгүндө. Бийиктиги 4100 м. Геоморфол. тиби боюнча көп капталдуу пирамида. Негизинен палеозойдун кумдук жана сланец тектеринен турат. Айрым жылдары тескейинде кары эрибейт. Чокуга жакын жерден Кара-Талаа, Табылгыты, Манас суулары агып түшөт. Эл арасында чокуга Манастын сөөгү коюлган деген уламыш бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]