Жылдыздар атласы жана картасы

Википедия дан

Жылдыздар атласы жана картасы - жылдыздуу асмандын же анын бөлүгүнүн картасы жана атласы.

Асмандын бүтүндөй чектеш же айрым бөлүгүн чогулткан жылдыздар картасы жылдыздар атласы деп аталат. Жылдыздар атласы жана картасы телескопту асмандын керектүү чекитине багыттоо үчүн пайдаланылат. Асмандагы жылдыздарга же жылдыздар каталогундагы астрофотографиялык сүрөттөлүшүнө салыштырып, асман объектисин (планета, комета, өзгөрмө жылдыздар, жылдыз чогулмалары жана тумандуулуктар ж. б.) байкоо үчүн пайдаланылат.

Жылыдыздар картасын түзүүдө жылдыздар картографиялык, проекциялык теорияны колдонуу менен координата огуна туура келген масштабда тандалып алынат. Жылдыздар атласы жана картасы асман жарык чыгаруучуларынын асман сферасындагы абалын белгилөө үчүн колдонулат. Жылдыздуу асманды толук сүрөттөөдө глобус пайдаланылат. Жылдыздар атласы жана картасын астрономияга немец астроному Н. Байер (1903) киргизген. Мында ар бир топ жылдыздын жарык жылдызы грек тамгасы менен белгиленген жана азыркы учурда да пайдаланууда. Кыймылдуу Жылдыздар атласы жана картасынын жардамы менен берилген кеңдикте жылдыздуу асмандын кайсы бөлүгү горизонтко туура келери жана убактысы аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.