Жылдыз атмосферасы

Википедия дан

Жылдыз атмосферасы - жылдыздардын нур чыгаруусунун натыйжасында спектрди пайда кылуучу тышкы катмары.

Жылдыз атмосферасы негизинен сызыктуу спектр чыгарган өз атмрасына жана андан тереңирээк орун алган (үзгүлтүксүз спектр чыгаруучу) ички фотосферага бөлүнөт. Алардын арасын болуп турган чектуу айырма жок. Фотосферадан төмөнүрөөктө байкоого мүмкүн болбогон энергиянын негизги булагы жайгашкан. Бул катмардын жарык чыгарышын текшерүүнүн натыйжасында жылдыздардын жаркырактыгы аныкталат. Фотосферадагы энергия негизинен нур чыгаруу аркылуу таралат. Жылдыздар жөнүндөгү негизги маалыматтар (химиялык курамы, атмосферасынын кыймылы, айланышы, магнит талаасы ж. б.) алардын спектрлерин изилдөө аркылуу алынган. Жылдыз атмосферасында көбүрөөк таралган химиялык элементтер - суутек, гелий, андан кийинкилери көмүртек, азот, кычкылтек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.