Жылдыз оруну

Википедия дан

Жылдыз оруну (көрүнүүчү, чыныгы жана орточо) - жылдыздардын асмандагы абалын аныктоочу экватордук координаталар.

Бул координаталар жылдыздардын өз кыймылынан, Жердин прецессия жана нутация мезгилинде асман экваторунун абалынын өзгөрүшүнөн, жарык аберрациясынын натыйжасында үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Түздөн түз байкоонун жана рефракция менен суткалык аберрацияны эсепке алуунун натыйжасында көрүнүүчү Жылдыз орунунун координаталары аныкталат. Мындан тышкары жылдык аберрацияны эсепке алгандан алынган координата чыныгы Жылдыз орунуна тиешелүү. Нутациядан кийинки координаталар орточо Жылдыз орунун аныктайт. Жылдыздар каталогунда тандалып алынган жылдын экватордук координатасынын орточо Жылдыз оруну берилип, ал каталог доору деп аталат. Тандалып алынган жылдыздар үчүн көрүнүүчү Жылдыз оруну жылына чыгуучу астрономиялык журналда берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.