Жылкычы чулдук
Жылкычы чулдук (Burhinus oedicnemus), (Linnaeus, 1758):
Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Евразиянын талааларында жашайт. Кыргызстанда Ысыккөл котловинасында, Чүй жана Талас өрөөндөрүнүн талааларында жана Фергана тарапта кездешет. Негизинен күзгү учуп өтүүдө белгиленет. Жашоо аймактар. Талаалар, жарым чөлдөр. Уялоо мезгилинде Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө кездешкендиги жөнүндө маалымат бар .
Саны[оңдоо | булагын оңдоо]
Жаратылышта аз байкалуучу канаттуу. Саны тууралуу маалымат жок.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[оңдоо | булагын оңдоо]
Келгин куш. Жазында апрелң айында келет да, сентябрда учуп кетет. Тиричилигин жашыруун жүргүзөт, коркунуч туулса, курчап турган чөйрөсүнө аралашып жашынып калат. Ошондуктан, жакындан да бул канаттууну байкоо кыйын. Бир басканда 4кө чейин жумуртка тууйт. Балапандарын ата-энесинин экөө тең өстүрүшөт. Уялоо мезгилинде Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө кездешкендиги жөнүндө маалымат бар. Негизинен омурткасыздар жана өсүмдүктөрдүн уруктары менен азыктанат.
Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]
Талааларды жана жарым чөлдөрдү айдоо.
Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]
Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]
Коргоого алынган эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]
Иштелип чыккан эмес. Жылкычы чулдуктун республикада болуу мүнөзүн жана жашоо аймактарын изилдеп чыгуу зарыл.
Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]
V category, Vulnerable, VU: R, A1. Ошол эле учурда кыргыз орнитологдордун айтуусуна караганда бул түр аярлуу деп эсептелет, саны азаюуда, I UCNдеги азыркы статусун кайра кароо керек. Тукумдун жалгыз өкүлү. Орто чоңдукта, узун буттуу канаттуу. Жыныстык диморфизм өнүккөн эмес. Денесинин үстү узун кара темгилдүү боз-күрөң, ал эми асты агыш келет. Кыргызстанда Burhinus oedicnemus harterti Vau rie,1963 деген түрчөсү кездешет.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2