Жылуулук менен камсыз кылуу

Википедия дан

Жылуулук менен камсыз кылуу - технологиялык керектөөчүлөргө, турак үйлөргө, коомдук жана өнөр жай имараттарына жылуулук берүү.

Керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылууда борбордук Жылуулук менен камсыз кылуу эң эле перспективалуу болуп саналат. Буга бир нече турак үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуучу установкалар, бир нече турак жай кварталдарга, шаардык аймакка, өнөр жай түйүнүнө же анын айрым ишканасына жылуулук берүүчү өзүнчө бир жерде тургузулган установкалар жана райондук, өнөр жайлык ТЭЦтер кирет.

ТЭЦтин буу турбиналарында жумуш аткаруудан кийинки жылуулук керектөөчүлөргө буу же ысык суу түрүндө берилет. Бирок бууга Караганда ысык суунун көп артыкчылыгы бар. Ысык сууну пайдаланууда ысытуучу приборлорду керектүү температурада күтүүгө, таза кармоого жана отун чыгымын азайтууга болот. Мындан башка борбордук жылуулукту сапаттуу жол менен таркатуу мүмкүнчүлүгү, тейлөө тармагынын жөнөкөйлүгү да камсыз кылынат. Жылуулук менен камсыз кылуу системасы ачык жана жабык болуп бөлүнөт. Эгерде имараттарды ысык суу менен жабдуу системасы жылуулук тармагына суу ысыткыч аркылуу кошулуп, тармактагы суу кайрадан жылуулук булагына жеткирилсе, жабык система деп, ал эми түздөн-түз жылуулук тармагынан алынса, ачык система деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.