Мазмунга өтүү

Жыл мезгилдери

Википедия — ачык энциклопедия

Жыл мезгилдери - жылдыздуу асман боюнча күндүн байкалган кыймылына жана табияттын мезгилдүү өзгөрүшүнө жараша жылдын мезгилдерге жаз, жай, күз, кышка бөлүнүшү.

Календарлык жыл мезгилдери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк жарым шарда жаз 1 — мартта, жай 1 — июнда, күз 1 — сентябрда, кыш 1-декабрда башталат. Түштүк жарым шарда жаз 1-сентябрда, жай 1-декабрда, күз 1-мартта, кыш 1 — июнда башталат.

Мезгилдердин өзгөрүүсүнүн астрономиялык механизми

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
UTC-0 боюнча күндүн турушунун жана күн-түндүн теңелүүсүнүн датасы, убакыты
годЖазгы
күн-түндүн теңелүүсү
Март[1]
Жайкы
күн-түндүн теңелүүсү
Июнь[2]
Күзгү
күн-түндүн теңелүүсү
Сентябрь[3]
Кышкы
күн-түндүн теңелүүсү
Декабрь[4]
күнубакыткүнубакыткүнубакыткүнубакыт
2010 2017:32:132111:28:252303:09:022123:38:28
2011 2023:20:442117:16:302309:04:382205:30:03
2012 2005:14:252023:08:492214:48:592111:11:37
2013 2011:01:552105:03:572220:44:082117:11:00
2014 2016:57:052110:51:142302:29:052123:03:01
2015 2022:45:092116:37:552308:20:332204:48:57
2016 2004:30:112022:34:112214:21:072110:44:10
2017 2010:28:382104:24:092220:01:482116:27:57
2018 2016:15:272110:07:182301:54:052122:22:44
2019 2021:58:252115:54:142307:50:102204:19:25
2020 2003:49:362021:43:402213:30:382110:02:19
2021 2009:37:272103:32:082219:21:032115:59:16
2022 2015:33:232109:13:492301:03:402121:48:10
2023 2021:24:242114:57:472306:49:562203:27:19
2024 2003:06:212020:50:562212:43:362109:20:30
2025 2009:01:252102:42:112218:19:162115:03:01
2026 2014:45:532108:24:262300:05:082120:50:09
2027 2020:24:362114:10:452306:01:382202:42:04
2028 2002:17:022020:01:542211:45:122108:19:33
2029 2008:01:522101:48:112217:38:232114:13:59
2030 2013:51:582107:31:112223:26:462120:09:30
2031 2019:40:512113:17:002305:15:102201:55:25
2032 2001:21:452019:08:382211:10:442107:55:48
2033 2007:22:352101:00:592216:51:312113:45:51
2034 2013:17:202106:44:022222:39:252119:33:50
2035 2019:02:342112:32:582304:38:462201:30:42
2036 2001:02:402018:32:032210:23:092107:12:42
2037 2006:50:052100:22:162216:12:542113:07:33
2038 2012:40:272106:09:122222:02:052119:02:08
2039 2018:31:502111:57:142303:49:252200:40:23
2040 2000:11:292017:46:112209:44:432106:32:38
2041 2006:06:362023:35:392215:26:212112:18:07
2042 2011:53:062105:15:382221:11:202118:03:51
2043 2017:27:342110:58:092303:06:432200:01:01
2044 1923:20:202016:50:552208:47:392105:43:22
2045 2005:07:242022:33:412214:32:422111:34:54
2046 2010:57:382104:14:262220:21:312117:28:16
2047 2016:52:262110:03:162302:07:522123:07:01
2048 1922:33:372015:53:432208:00:262105:02:03
2049 2004:28:242021:47:062213:42:242110:51:57
2050 2010:19:222103:32:482219:28:182116:38:29

Ал Жердин өз орбитасынын тегиздигинде, эклиптикада 23°26' (66°34') бурч менен жантайып, айлануу огу менен аныкталат. Жылдыздуу асман боюнчаКүндүн көзгө көрүнгөн кыймылына жараша жыл (жаз, жай, күз, кыш) мезгилдерге бөлүнөт. Жер Күндү айланганда, анын айлануу огу өзүнө жарыш жылгандыктан, Жер жыл бою бирде түндүк, бирде түштүк жагы менен Күнгө карата жантаюу абалында болот. Натыйжада Күн бирде Жердин түндүк, бирде түштүк жарым шарын жарык кылып, күчтүү ысытат да, түндүк жарым шарда жай болгондо, түштүк жарым шарда кыш жана тескерисинче болот. Күн борбору эклиптика боюнча кыймылдап, түштүк жарым шардын асман сферасынан түндүк жарым шарга (20же 21-мартта) өткөн учурда, түндүк жарым шарда жаз башталат. Ошол күнү Жердин бардык бетине (уюлдук аймактардан башка) күн-түн теңелет. Жайдын башталышында түндүк жарым шарда (21же 22-июнда) Күн эклиптиканын түндүк чекити (жайкы күн токтолуу чекити) аркылуу өтөт. Бул учурда Жердин түндүк жарым шарында күн, ал эми түштүгүндө түн өтө узарат. Күздүн башталышында түндүк жарым шарда (23-сентябрь) Күн экваторду 2-жолу кесип өтүп (күзгү күн-түн теңелүү чекити), түндүк жарым шардан түштүккө өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет (түндүк жарым шарда 21же 22декабрь). Күн эклиптиканын түштүк чекити (кышкы күн токтолуу чекити) аркылуу өткөндө, кыш башталат да, Жердин түндүк жарым шарында күн, түштүгүндө түн өтө кыскарат. Жер орбитасы эллипс түрүндө болуп, Күндү бир калыпта айланбагандыктан, жыл мезгилинин узактыгы да ар түрдүү болот. Январь айында Жер перигелий аркылуу өтүп, Күнгө абдан жакындайт. Бирок күн нуру жер бетине абдан кыйгач түшкөндүктөн, аба ырайы суук болот. Ал кезде Жер тезирээк кыймылдайт, түндүк жарым шарда кыш кыскарып, жай узагыраак болот. Азыркы учурда түндүк жарым шарда жаздын узактыгы 92,8 сутка, жай 93,6 сутка, күз 89,8 сутка, кыш 89,0 сутка болуп, бардыгы 365,2422 сутканы (тропиктик жыл) түзөт. Жер орбитасы эллипс түрүндө болгондуктан, аба ырайынын мезгилдүү өзгөрүшүнө жылуужанамуздак агымдар, тоолор, шамал көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан күнүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун астрономиялык эмес, жаратылыш белгилери (орточо суткалык температура)боюнча аныкталат. Астрометриялык жыл мезгилине карата календарлык мезгил 2122 суткага жылдырылып эсептелет: жаз (март, апрель, май), жай (июнь, июль, август), күз (сентябрь, октябрь, ноябрь), кыш (декабрь, январь, февраль).

Климаттын мезгилдерге жараша өзгөрүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мезгилдердин өзгөрүүлөрүнүн анимациясы


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]