Жыныс менен чиркелишкен гендер

Википедия дан

Жыныс менен чиркелишкен гендер - Х жана У хромосомаларда жайгашкан гендер Ж. м. ч. г. деп аталат. У хромосомада жайгашкан гендер аныктаган белгилер, тукумга эркек жыныска гана берилиши мүмкүн. Х хромосомада жайланышкан гендери боюнча ургаачы организм гомо жана гетерозиготтук болушу мүмкүн, бирок гендердин рецессивдик аллелдери анда гомозиготтук абалда гана байкалышы мүмкүн.

Ал эми эркек жыныста бир гана Х хромосома болгондуктан, мында жайгашкан бардык гендер, рецессивдик гендер да фенотипте көрүнүшү мүмкүн. Мындай организм гемизиготтук организм деп аталат.

Жыныс менен чиркелишкен белгилердин тукумга берилүү схемасын жазганда, генетикалык формулада гендердин символу менен катар, жыныс хромосомдору жазылат. Мисалы, жемишчи чымында Х-хромосом менен чиркелишкен, көзүнүн түсүн аныктаган гендер бар. Көзүнүн кызыл түсүн аныктаган аллелге (ХW) үстөмдүк кылат.

Эгер чымындын гомозиготтук кызыл көз ургаачысын (ХW ХW), ак көз эркеги (ХwY) менен аргындаштырганда, биринчи тукумдун бардык чымындардын көзү кызыл түстө болот.

P ♀ xWxW x xwу

Гаметалар xW,xW xwУ

F1 xW,xw; xW,xw; xWу; xWу бардыгынын көздөрү кызыл түстө.

Эгер ак көз ургаачысын (Xw,Xw) кызыл көз эркеги (ХWY) менен аргындаштырганда, тукумунда ургаачылары кызыл көздүү (xW,xw) , ал эми эркектери ак көздүү (xwу) болушат. Мында белгинин тукумга берилиши кайчыланып, бири бирине каршы терши жүрүп, атасынан кызына жана энесинен уулуна өтөт.

Адамда да кээ бир оорулардын тукумга берилиши жыныс менен чиркелишкен түрдө болот. Мисалы, гемофилия (кандын жай уюшу), көздүн түстүн начар көрүшү же дальтонизм (адам кызыл жана жашыл түстү ажырата албайт), гипертирихоз (кулактын жүндүү болушу) жана башка Гемофилия (Хh) жана дальтонизм (Хd), Х хромосома менен чиркелишкен рецессивдик белги, ошондуктан эркек жынысында жана аял жынысында да болушу мүмкүн, ал эми гипертирихоз У хромосома менен чиркелишкен белги (Уz) болгондуктан, эркек жыныста гана болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]