Жыргалаң (шаарчасы)

Википедия дан

Жыргалаң шаарчасы (1964-жылдан), Каракол шаарына карайт. «Жыргалаң» шахтасынын курулушуна байланыштуу пайда болгон. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Алатоонун этегинде, Жыргалаң суусунун жогорку агымынын оң жээгинде жайгашкан Каракол шаарынан 70 км чыгышта, Балыкчы темир жол бекетинен 295 км аралыкта. Калкы негизинен кыргыз (54,3%), орус (37,4%) жана башка улуттар жашайт. Эмгекке жарамдуу калкынын көбү «Жыргалаң» шахтасында иштейт. Мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.

Колдонулган адабияттар: Кыргыз улуттук энциклопедиясы