Жыргалбеков, Турду

Википедия дан

Жыргалбеков Турду (30. 12. 1932-ж. т., Ак-Талаа району, Коңорчок айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1985—90), тарых илимдеринин кандидаты (1961), журналист.
1955-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун. 1961-ж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепти бүткөн.
1952—58-ж. Ак-Талаа районунда билим берүү системасында, райондук гезиттин редактору, 1961-68-ж. Ош облустук гезиттин редакторунун орун басары.
Кыргызстан КП Ош обкомунда. 1968-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин аппаратында жооптуу кызматгарда, Кыргызстан КП БКда инспектор болгон.
1978—83-ж. Эл депутаттарынын Кант райаткомунун төрагасы, 1983-—86-ж. Кыргызстан КП Чүй райкомунун 1-катчысы, 1986—93-ж. Кыргыз Республикасынын туризм жана экскурсия боюнча Советинин төрагасы.
1993-жылдан Кыргыз-тур—Бишкек турбазасы" акционердик коомунун генералдык директору. Ошол эле мезгилде КМУУда, Туризм, бизнес жана менеджмент институтунда кафедра башчысы. Улуттук туризмди өнүктүрүүгө практикалык салым кошкон.
50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография, 9 брошюра, окуу куралы), автордук күбөлүктөрдүн автору. Эл агартуу отличниги (1981). Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.