Жырткыч куштар

Википедия дан
Күрөң көкүрөктүү кыргый (Accipiter badius).

Жырткыч куштар (Accipiter) куштар түркүмү. Түрдүү чоңдукта. Эң чоңу жорулар. Дене узундугу. 1 м, канатын жайгандагы жазылыгы 2,75 3 м, кичинесиники (кидик шумкарлар) 1,5 смдей. Тумшугу учтуу төмөн карай ийилген. Күчтүү манжалары, курч тырмактары менен табылгасын кармап жейт. Бут, төш булчуң жана көрүү, угуу органдары жакшы өөрчүгөн. Жырткыч куштар. тиричилигин көбүнчө күндүз өткөрөт. Ал кемирүүчүлөр, майда канаттуулар, сойлоочулар, балыктар, үлүл, курт-кумурска жана таштанды, тарп менен азыктануучулар болуп, 2 түркүмчө бөлүнөт. Кээ бири ылгабай азыктанат. Булар Жер шарынын бардык жеринде (Антарктидадан башка) таралган. Айрымдары тургун, кээси келгин куштар. Ж. кылымдын ургаачылары жылына 1—7 жумуртка тууп, шумкарлар 28, жорулар 55 күн басып, балапан чыгарат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында Ж. кылымдын 44, Кыргызстанда 30дай түрү кезигет. Алардын ичинен зыяндуулары (кыргый, бөктөргө жана башка), ошондой эле зыяндуу кемирүүчүлөрдү, курт-кумурскаларды жеп токойжанаа. ч-на пайда келтирүүчүлөрү да бар. Жырткыч куштар. омурткалуу жаныбарлардын санын (мисалы., зыяндуу кемирүүчүлөрдү) жөнгө салып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]