Күрөң көкүрөктүү кыргый

Википедия дан
Accipiter badius

Күрөң көкүрөктүү кыргый (Accipiter badius), (J.F. Gmelin, 1788)

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто жана Түштүк Азияда Арал деңизинен, Сумбара өрөөнүнөн, Талыштан, Фарстан чыгышты карай Гуанси жана Индокытай жарым аралынын чыгыш жээгине чейин. Түндүк тараптан Сырдарыя өрөөнүнө, Караталга, Илге, Балкашка, Гималайдын түштүк жантаймасына, Юнңнанга, Гуансиге чейин. Түштүккө карай Түндүк Йеменге, Фарска, Пакистанга чейин, Индияда жана Бангладеште, түштүк-чыгышта Түштүк Азиянын океан жээгине чейин, Мңянмада. Африкада Сахарадан түштүктү көздөй, Аравиянын түштүк-батыш бөлүгү. Шри-Ланка, Никобарские, Хайнанң аралдары . Кыргыз Республикасында анда-санда Фергана өрөөнүндө уялоосу ыктымал. Маданий ландшафттык өзөндөрдү артыксынтат, түндүк бөлүктө учуп өтүүдө жана уялоодо сейрек кездешет, бийик тоого көтөрүлбөйт, мисалы, Гималайда деңиз денгээлинен 1300 м бийиктикке чейинки жерлерде жашайт . Чүй өрөөнүндө уялоо мезгилинде табылган .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир аз токойлуу жапыз жана бийик тоолуу ландшафттык өзөндөр, токойлуу жантаймалуу саванналар, көпчүлүк учурда маданий зоналар .

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы учурдагы саны боюнча маалымат жок. 1930-жылга чейин Д.П. Дементңев жай мезгилинде Ош шаарынын тегерегинде табылган чүйлүлөрдүн терилеринин сериясын алган .

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ургаачысы эркегинен чоңураак. Бир аз гана токойлуу ачык жайларда жашайт, туташ токойлордон алыс. Аңчылыкка ылайыктуу жери – кишинин турак жайына жана айыл-чарба жерлерине жакын жайгашкан бийик бактардын топтору. Жалбырак арасынан карап туруп, азыгы коркунучту байкагыча тике ылдый түшөт. Кескелдириктерге, майда кемирүүчүлөргө жана канаттууларга аңчылык кылат. Балапандарын азыктандырууда короолордон жөжөлөрдү ташышы мүмкүн. Уясын бактын башына салат. Үчтөн төрткө чейин кубарыңкы агыш көк түстөгү, кээде боз майда тактары бар жумуртка тууйт. Эркеги да, ургаачысы да тукумуна бирдей кам көрөт, бирок жумуртканы ургаачысы гана басып чыгарышы мүмкүн .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоого ылайыктуу жерлерге күчөп жаткан чарбалык басым, мыйзамсыз атуу жана кармоо.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасында колдо багылбайт. Чүйлүнү жергиликтүү жашоочулар тарабынан аң куш катары колдонгон учурлары да кездешүүсү мүмкүн.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чүйлүнү коргоо үчүн атайын иш-аракеттер жүргүзүлгөн эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маданий ландшафттагы уялоо жерлерин уруксатсыз кыш мезгилинде бак кыюулардан сактоо керек, уялоо учурунда чүйлү тарабынан үй канаттууларынын санына келтирилген зыянды фермерлерге компенсациялоонун системасын ойлоп чыгуу керек. Фергана өрөөнүндөгү уялоо жерлерин иликтөө, табылган уяларды картага түшүрүү, бул түрдүн санынын ар бир жылдык динамикасына мониторинг жүргүзүү зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI категория Near Threatened, NT: R. Кыргызстандын авифаунасында тукумдун 10 түрүнүн бири. A.b.cenchroides (Severtzov, 1873) түрчөсү кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]