Жыштык өлчөгүч

Википедия дан

Жыштык өлчөгүч - мезгилдүү процесстердин термелүү жыштыгынын чоңдугун аныктоочу прибор.

Механикалык термелүүлөрдүн жыштыгын ченөө үчүн резонанс кубулушуна негизделген Жыштык өлчөгүч колдонулат. Ал прибор негизине бекитилген бир канча серпилгич болот пластинкалардан турат. Пластинкалардын узундугу, массасы ар кандай болгондуктан алардын өздүк термелүү жыштыктары түрдүүчө. Жыштыгы ченелүүчү термелүү Жыштык өлчөгүчтүн негизине аракеттенгенде ал пластинкалар X. Жээнбаев. дирилдейт. Өздүк жыштыгы ченелүүчү термелүүнүн жыштыгына барабар болгон пластинка эң чоң амплитуда менен термелет.

Электрдик Жыштык өлчөгүч өзгөрмө токтун жыштыгын ченейт жана алар дирилдеме жана жебелүү болуп бөлүнөт. Дирилдеме Жыштык өлчөгүчтө анын электр-магнит оромосу жыштыгы аныкталуучу өзгөрмө токтун тизмегине бириктирилет. Жебелүү индукциялык Жыштык өлчөгүчө анын түрмөгүнүн бир оромосуна жыштыктуу резонанс контуру, экинчисине активдүү каршылык бириктирилет. Бул учурда жыштыктын чоңдугу жогорку тактыкта аныкталат. Жыштык өлчөгүч электр-техникада, радиотехникада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.