Жээналиева Зуура

Википедия дан

Жээналиева Зуура 1948-жылы 5-майда Өзгөн районуна караштуу Ой-Тал айылында туулган.

  • 1964- жылы Ой-Тал сегиз жылдык мектебин,
  • 1968-жылы Жалал-Абад шаарындагы A. С. Пушкин атындагы Педагогикалык окуу жайын, Ош Мамлекеттик Университетинин орус тили жана адабияты факультетин сырттан окуп аяктаган.
  • Октябрь кыштагынын тургуну Бокоев Рысбек менен баш кошуп, эмгек жолун 1968- жылы Сузак районунун Октябрь кыштагындагы A. С. Макаренко атындагы орто мектепте пионер вожатый болуп иштеп баштаган.
  • Андан кийинки жылдары ушул эле мектепте башталгыч класстарга орус тили жана адабиятынан сабак берип эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан.
  • Бир орунда көп жыл эмгектенип, эл үчүн кызмат кылган көптөгөн көрүнүктүү жаштарды тарбиялап өстүргөн.
  • Бир канча ардак грамоталар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү. 5 кыз 1 уулдун энеси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3