Жээналиев Нематулла ажы

Википедия дан
Жээналиев Нематулла ажы
Төрөлгөндөгү аты:

Жээналиев Нематулла

Ишмердүүлүк тармагы:

Дин аалымы

Туулган датасы:

17 -март 1973(1973-03-17) (51 жаш)

Туулган жери:

Лейлек району, Чимген айылы

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Жээналиев Нематулла ажы — 1943-жылы 17-мартта Лейлек районунун Чимген айылында туулган. 1961-жылы Исфана айылындагы Токтогул орто мектебин бүтүргөн. 1963-1966-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1967-жылы Лейлек керек-жарак коомунда баштаган. 1980-1990-жылдары Кулунду керек-жарак коомунда башкармалыгынын башчысы, төрагасы болуп эмгектенген. 1990-1995-жылдары Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын отун көмүр базасынын генералдык директору болуп иштеген. 1995-1997-жылдары Лейлек керек-жарак коомунун төрагасы болуп эмгектенген. 1997-1999-жылдары Лейлек камсыздандыруу бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. 1999-жылдан 2006-жылга чейин Исфана шаар башкармалыгынын айыл чарбасы боюнча орун басары болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.

Чарбалык иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нематулла ажы заман талабына жараша 2000-жылы алгачкылардан болуп “Чимген” фермердик дыйкан чарбасын уюштуруу менен чарбага керектүү болгон авто техникаларды сатып алууну баштаган. Азыркы учурда Нематулла ажы түптөгөн фермердик дыйкан чарбасында көп сандаган кой, уй жана башка үй жаныбарлары багылып келүүдө. Чарбага керектүү болгон техникалар менен камсыз болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нематулла ажы чарбадагы малдардын санын жана сапатын арттырууда, жер аянтарын иштетүүдө бир топ ийгиликтерди жарата алды. Анын жыйынтыгы менен 2009-жылы фермер Нематулла ажы “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Нематулла ажынын СССР убагында элге ак кызмат кылганынын натыйжасында “Ардак Белгиси” ордени жана ондогон түрдүү медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нематулла ажы өмүрлүк жары Шааркан ажы менен 12 баланы тарбиялап өстүрдү. Уул-кыздары баары жогорку маалыматтуу жана ар кандай тармактарда эмгектенип келишүүдө. 40 ка жакын неберелери чоңойуп келишүүдө. 2009-жылы Нематулла аксакал, жубайы Шааркан жана уулу Аманулла менен Аравияга барып ажылык парзын аткарып келишкен. 2011-жылы Нематулла ажынын өмүрлүк жары Шааркан ажы, чоң уулу Файзулла менен 2 жолу ажылык милдетин аткарып келген.

Кайрымдуулук иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нематулла ажы колу ачык жана берешен инсан эле. Ал дайыма элим деп күйүп жанган, колунда болгон нерсесин ага мажбур болгон элдерге аябаган боорукер эле. Бир эле мисал, райондук ооруканага бейтаптарды кароодо шартты жакшыртуу максатында жалпы суммасы 475 миң сомдук инвентарларды сатып алып берген.

Элеси элдин эсинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нематулла ажынын дагы бир сапаты бул сөздүн чечени болгон. Ар бир сөздү өз орду менен таамай айтып, ораторлук сапатка да ээ болгон жаркын инсан эле. Лидерлик касиети да күчтүү болуп, эл үчүн көп жакшылык иштерди аткарганга жетишүү менен жаштарга акыл – насаатын айтып келген. Көп улуттуу Лейлек элинин келечеги, биримдиги, ынтымагы үчүн дайыма даана, таамай так сөздөрүн такай айтып жүргөнү дале болсо элинин эсинде...

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]