Жээнбеков, Жалал-Абад облусу
Жээнбеков, Жалал-Абад облусу - (мурдагы Тельман, Чолок Терек, Кыргызстан) Жалал-Абад облусундагы кыштак. Жалал-Абад шаарынын курамындагы Тайгараев атындагы айыл округуна караштуу. Жалал-Абад шаарынан жана темир жол бекетинен 9 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 1210 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, медпункт бар. Кыштак КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Сатыбалды Жээнбековдун урматына аталган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5