Жүгөрү гибриди

Википедия дан

Жүгөрү гибриди - биринчи муундагы гибрид үрөнүн эгүүдөн алынган жүгөрү.

Жүгөрү гибриди кадимки жүгөрүдөн түшүмдүүлүгү, ыңгайсыз шартка туруктуулугу менен айырмаланат. Жүгөрү гибридинин түшүмдүүлүгүн жогорулатууну 1-жолу Ч. Дарвин 19-кылымдын 2-жарымында байкаган. Алгачкы Жүгөрү гибриди 1876-ж. АКШда чыгарылып, кийинчерээк ар түрдүү тукумдан алынган гибриддер кеңири таралган. Гибридди чыгарууда түрдүү сортторду кайчылаштыруу жакшы натыйжа берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.