Жүгөрү (кейипкер)

Википедия дан

Жүгөрү (кейипкер)"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Каныкейге күйөөлөп келаткан Манастын кошунун көргөн Ж. Кейип шаарын чапканы келаткан кол деп ойлоп, Атемирге кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 392). ЖҮГӨРҮ — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Котон шаарынын балбаны. Бокмурун ашка чакыртып (Саякбай Каралаев, 2. 14), биринчилерден болуп ашка келгени айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 19).

2. Жүгөрү — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Тейиш кандын тоюнан кийин Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн Манастын колунун ичинде аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2.69), кийин Көкөтөйдүн ашына келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 105).

3. Жүгөрү — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Каракан өлүп эл чабылганда Кошой менен бирге жүрүп, Алптын уулу Ж-нүн кытайлар менен согушта өлгөнүн Кошой Манаска айтат (Саякбай Каралаев, 1. 114).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4