Жүдөмүшов Чокой

Википедия дан

Жүдөмүшов Чокой (1912, Ничкесай айылы - 1996, ошол эле жер) - коомдук ишмер; Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1947-51).

  • 1930-жылдан Токтогул районундагы «Ничкесай» колхозунун башкармалыгынын төрагасы, «Үчтерек» совхозунда партиялык уюмдун катчысы, Токтогул райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.
  • Атамекендик согушка катышкан. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5