Жүрөк инфаркты

Википедия дан

Жүрөк инфаркты - жүрөктүн тийиштүү бөлүгүнө кандын аз келишинен же келбей калышынан жүрөк булчуңунун чирип кетиши.

Мында кан тамырдын көңдөйү атеросклероздун бүртүгү менен тарыйт же тромб менен бүтөлүп калат. Тромбдун болушуна кандагы уютпоочу заттардын төмөндөшү же канды уютуучу факторлордун көбөйүшү, атеросклероздун бүртүгүнөн кан тамырдын ички бети бодураланып бузулушу ж. б. себеп болот. В. П. Образцов жана Н. Д. Стражеско 1909-ж. Жүрөк инфарктынын клиникасын сыпаттап жазган. Бул оору жүрөктүн сол карынчасында көп кездешет. Инфаркт болгондо чириген ткандар акырындык менен таран, анын ордуна 6-7 жумадан кийин бириктирүүчү ткань пайда болот.

Жүрөк инфаркты 40-65 жаштагы тамеки тарткан, диабет менен ооруган, толук жана аз кыймылдаган кишилерде көп учурайт. Оорунун пайда болушуна ачуулануу, капалануу, акыл жана күч эмгеги менен ашык иштөө, ичкилик менен уулануу ж. б. көмөк болот. Жүрөк инфаркты башталганда жүрөктүн тушу ооруп, сол далыга жана колго берилет. Ага кан тамырды кеңейтүүчү дарылар (валидол, нитроглицерин) жардам бербейт. Кээде ич ооруп, дем кыстыгып башталышы мүмкүн. Көпчүлүк учурда эт ысып, канда лейкоциттер көбөйөт, бир нече күндөн кийин РОЭ (эритроциттердин чөгүү реакциясы) көтөрүлөт. Жүрөк инфаркты электрокардиограмма (ЭКГ) менен аныкталат. Оорунун жүрүшү инфаркттын көлөмүнө жана кабылдап кетишине байланыштуу. Дарылоо: тезинен ооруканага алып, атайын тез жардам көрсөтүп, кыймылдатпай жаткыруу керек. Кандын уюшун азайтуучу, жүрөктүн иштешин жакшыртуучу, заараны көп болуп чыгаруучу дарылар жана витаминдер берилет. Жүрөктүн ритми бузулганда, дарыдан тышкары электроимпульстук дарылоо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.