Жөндөө системасы

Википедия дан

Жөндөө системасы - жөндөлүүчү физикалык чоңдуктун өзгөрүүсүн белгилүү мыйзам ченеминде карман туруучу система.

Жөндөө системасы жөндөлүүчү объект менен жөндөгүчтүн бирдиктүү системасы. Мында жөндөлүүчү чоңдуктун берилген мааниси туруктуу же убакыт функциясы болушу мүмкүн. Жөндөө процессинде жөндөлүүчү чоңдук берилген чоңдук менен салыштырылат. Бул эки чоңдуктун ортосунда айырма пайда болсо, айда жөндөө объектисине (жөндөлүүчү чоңдук өз ордуна келгенче) жөндөөчү таасир берилет. Жөндөлүүчү чоңдукту берилген маанисине чейин жеткирүүчү параметрлер жөндөө параметрлери деп аталат. Жөндөөчү таасир кол менен берилиши мүмкүн. Жөндөлүүчү чоңдукту өлчөө жана жөндөөчү таасирди берүү приборлордун жардамы менен ишке ашырылса, анда Жөндөө системасы автономиялуу деп аталат. Жөндөлүүчү чоңдуктун алдын ала белгиленген өзгөрүшүнө жараша Жөндөө системасы автоматтык стабилдештирүү, ээрчиме, программалык, функциялык жана жөндөөнүн өзү туураланма системасы болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.