Жөнөкөй сөз

Википедия дан

Жөнөкөй сөз - тутумунда негизги морфемадан бирөө гана болгон сөз.

Ал морфемалык составы (курамы) жагынан төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдүн биринде болот: а) бир гана эркин уңгудан турат: киши, эл, бак, эки, кара, көк, биз, сен, жаз, тур, тез, күз, күн, ай д.у.с.

б) бир эркин уңгу жана бир же бир нече көмөкчү морфемалардан түзүлөт: бак+чы, ой+луу, бий+чи+лер,

иш+те+ген+ дик+тен, милдет+тен+дир+ил+ ген+дик+тен д.у.с. Ж.С. башка сөздөн жасалгандыгына же жасалбагандыгына карата тубаса сөз (же уңгу сөз) жана туунду сөз болуп бөлүнөт.

Тутумундагы негизи тубаса уңгу болгон сөз тубаса сөз деп аталат. Мис., окуу, кач, кыял, китеп ж.б. Эгерде Жөнөкөй сөздүн тутумунда бир негиз жана ага сөз жасоочу мүчө уланып турган сөз болсо, ал туунду сөз деп аталат. Мис., окуу, качкын, кыялкеч, китепкана ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4