Заара бөлүп чыгаруу системасы

Википедия дан
Заара бөлүп чыгаруучу система (схема):
1—бөйрөк; 2—бөйрөк күлтүгү;
3—заара агуучу түтүк; 4— табарсык.

Зара бөлүп чыгаруу системасы — заара пайда кылып жана аны бөлүп чыгаруучу органдар.

Бөлүнүп чыгуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам ичип жеген тамак заттар анын организминде сиңет жана ткань менен органдарда ар кандай химиялык кошулмаларга ажырап, организмди ууландыруучу түрдүү уу заттар пайда болот. Ага белоктордун алмашуусунан пайда болгон аммиак, булчуңдардын кыймыл-аракетинин негизинде келип чыккан сүт кислотасы жана башка уу заттар кирет. Айрым учурда тамак-аш менен организмге керексиз уу заттар кириши да ыктымал. Ошондуктан организм бул уу заттардын баарын тынымсыз бөлүп чыгарып турушу керек.

Алардын көпчүлүгү Заара бөлүп чыгаруу системасы аркылуу сийдик менен кошо сыртка бөлүнүп чыгат. Ошондой эле бул органдар ички чөйрөнүн, кандын жана ткань суюктугунун бир калыптагы абалын да сактайт. Себеби организмдеги эң татаал химиялык процесстер ушул суюктуктардын составына кирген заттардын туура айкалышынын негизинде гана жүрөт.

Түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заара бөлүп чыгаруучу органдарга эки бөйрөк, бөйрөктөн табарсыкка сийдик агызуучу түтүк, табарсык жана заараны сыртка агызуучу канал кирет.

Булардын ичинен бөйрөк алгачкы жана акыркы сийдикти жаратуучу негизги орган. Ал эми заара агуучу түтүк, табарсык жана сийдикти сыртка агызуучу канал сийдикти бөлүп чыгаруучу органдарды түзөт. Бөйрөк жалаң гана сийдик пайда кылбастан ал ренин жана депрессин гормондорун канга бөлүп чыгарат. Бул гормондор организмдеги кан басымын иретке келтирип турат. Ал эми оң жана сол бөйрөктүн коңулунан сийдик агуучу түтүктөр башталып, табарсыкка барып куят. Сийдик агуучу түтүк узундугу 25—28 смге ич көңдөйүнүн арткы бетинде жайгашып, анын керегеси үч катмардан турат. Табарсык жамбаш чарасынын ичинде жайгашат. Табарсыктын көлөмү орто эсеп менен ымыркайдыкы 50 см , үч жашар баланыкы 180 см3, сегиз жашар баланыкы 250 см3, ал эми орто жаштагы адамдыкы 700—750 см3 ге чейин жетет. Адамдын табарсыгы түбү, денеси жана моюну болуп үч бөлүктөн турат. Табарсык сийдикти чогултуучу резервуар гана эмес, аны сыртка бөлүп чыгаруучу орган. Табарсык сийдикти чогултуп, кайра артты карай сийдик агуучу түтүктөргө жибербей кармап турат. Сийдик табарсыктан сийдикти сыртка агызуучу түтүккө өтөт. Анатомиялык түзүлүшү боюнча эркек менен аялдын сийдикти сыртка агызуучу түтүгү бири-биринен кыйла айырмаланат Алсак, эркектин сийдикти сыртка агызуучу түтүгү табарсыктан башталып, сырткы жыныс органынын башына чейин жетет. Анын уз. 16—18 смдей жогорку, ортоңку жана сырткы үч бөлүктөн турат. Эркектин сийдикти сыртка агызуучу түтүгү аркылуу жалаң гана сийдик акпастан, жыныстык катнашуу учурунда эркектин урук клеткасы (сперматозоиди) сыртка агып чыгат. Ал эми аялдын сийдикти сыртка агызуучу түтүгү болсо табарсыктан башталып, жыныс кынынын ооз жагынын үстүнө ачылат. Анын уз. 3—3,5 смдей. Аялдардын сийдикти сыртка чыгаруучу түтүгү кыска болуп, анын ички -жана сырткы кыскычтары анчейин бекем болбогондуктан, кээ бир учурда аялда сийдигин кармай албай калган учурлар болот. Заара кылуу — татаал рефлекстик акт. Ал табарсык капталынын булчуңдары жыйрылганда, заараны сыртка агызуучу каналынын сфинктери бошоңдогондо болот. Дени соо кишинин табарсыгында 250—300 мл заара толгондо заара кылгысы келет, суткасына 4— 6 жолу заара ушатат.

Оорулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заара бөлүп чыгаруучу системанын оорулары тубаса, анын ичинде тукум куума жана кийин пайда болушу мүмкүн. Кээ бир өөрчүү кемтигинде, мисалы, эки бөйрөктүн тең жок болушунда жашоо мүмкүн эмес, айрым кемтиктер бул системанын функциясынын бузулушу менен коштолот. Бөйрөктүн жетилбей калышында артерия басымы жогорулап, ак шишик басат, ошондой эле зат алмашуу бузулуп, кант жана кантсыз диабет (к. Кантсыз диабет, Кант диабети), подагра, кем акыл, сокур болуу ыктымал. Бөйрөк кыйла жетилбей калган учурда бөйрөк иши начарлап, уремияга алып келет. Заара агуучу түтүк менен табарсыктын өөрчүү кемтигинде зааранын агышы бузулат (к. Туттугуу), зааранын токтобой калышы мүмкүн. Заара агуучу түтүк менен табарсыктын тубаса жабыркашында бөйрөктү жана бөйрөк чөйчөкчөсүн сезгентет. Бул системанын кийин пайда болгон оорулары көбүнчө сезгенүү процессине, анын ичинде инфекция же травмага байланыштуу болот. Бөйрөктүн жана бөйрөк күлтүгүнүн сезгениши (к. Нефрит, Пиелонефрит) демейде ангина, скарлатинанын кабылдоосу катары өөрчүйт, ошондой эле геморрагиялык ысытмада, лептоспироздо байкалат, кээде ревматизм, эндокрин, аллергия ооруларын коштойт. Бөйрөктүн токсикалык катуу жабыркашы органикалык эриткичтер, сымап, мышьяк бирикмелери, өзүн өзү дарылоодо колдонулуучу кээ бир дарылар менен ууланууда, талгакта, сепсисте (ооруканадан сырткары абортто), өтө катуу күйгөндө, үшүк алууда жана башка байкалат. Тез-тез заара кылуу, ооруу, зааранын агышынын өзгөрүшү, токтобой калышы, туттугуу табарсыктын, заара агуучу түтүктүн, простата безинин, ошондой эле жанаша органдар — көтөн чучук, жатындын түрдүү оорулары менен байланыштуу болот (к. Простата безинин аденомасы, Сүзөк, Заара жолдорунун таш оорусу, Простатит, Цистит, Уретрит).

Заара жолунун катуу кармама жана өнөкөт сезгенүүсү, көбүнчө сүзөктү врачка өз убагында кайрылбай өзүн өзү дарылоодо, ошондой эле трихомоноздо, өздүк жана жыныс гигиена эрежелерин бузганда (к. Өздүк гигиена) болот. Заара бөлүп чыгаруу системасынын оорусун табууда көптөгөн ар түрдүү ыкмалар пайдаланылат. Заараны, канды изилдөө жүргүзүлөт. Бөйрөк оорусунун диагнозун тактоодо рентгендик изилдөө да колдонулат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заара бөлүп чыгаруу системасынын ооруларын дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. Дарылоодо врач сунуш кылган режим жана диетанын мааниси чоң. Ооруну кабылдатпай же өнөкөт түрүнө өткөрбөй дарылануу керек. 3. б. ч. с-нын оор сезгенүүсүндө, бөйрөктүн иши катуу бузулуп уремия болгон учурда, «жасалма бөйрөк» аппаратын колдонуп, анын ишин калыбына келтирүүгө болот. Бөйрөктүн иши такыр бузулган учурда хирургиялык жол менен бөйрөктү донордун соо бөйрөгү менен алмаштырууга туура келет (к. Орган жана тканды көчүрүү).

Бөйрөк оорулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бөйрөк ооруларын дарылоо жана алдын алуу маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Организмди чыңдоо, санитария-гигиеналык эрежелерди так сактоо, катуу кармама сасык тумоо тонзиллит, гайморит жана башка инфекцияны өз убагында дарылоо бөйрөк ооруларын алдын алууда маанилүү.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8