Заговор

Википедия дан

Заговор саясий – белгилүү бир саясий максатты көздөгөн, саясий күчтөргө кирген бир нече адамдардын бирөөгө же саясий институтка каршы макулдашып уюшулушу. Тарыхта ишке ашкан Заговорлордун көбү индивидуалдуу мүнөзгө ээ болуп, көбүнчө инсандарга каршы багытталган. Заговор ошондой эле саясатта таасир, бийлик үчүн күрөштүн традициялуу, эффективдүү каражатынын бири болуп саналат. Адегенде, Заговор – бул жок кылуу эле, кийин анын методдору жумшарган. Заговордун ролу саясаттын куралы катары тоталитардык, авторитардык системаларда маанилүү, анткени, бийлик көбүнчө саясий элитанын колунда, көп маселелер жекече пикир аркылуу да чечиле берет. Демократтык, укуктук социалдык-саясий турмушта Заговордун мааниси төмөндөй баштайт да, бийлик үчүн күрөш ачык эле мүнөзгө өтөт. Бийликти концепциялоону азайтуу, бийликти бөлүштүрүү, өкүлдүк структуранын пайда болушу, бийликтин тез алмашып турушу Заговордун эффективдүүлүгүнөн төмөндөшүнө алып келет. Заговор саясаттын куралы катары массаны өзүнө тарта албайт. Заговордун мүмкүнчүлүгүн азайтуу коомдо айкындуулукту өстүрүүдө жатат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов, Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б