Зайцев Сергей Иванович

Википедия дан

Зайцев Сергей Иванович - Кыргызстандын КомПартиясынын Тянь-Шань обкомунун 1-катчысы (1940-1941-жж.).

1902-жылы 25-сентябрда Тверь губерниясынын Осташевск уездинин Тухачевский волостунда, Горовастице кыштагында туулган.

1928-жылы КПССтин мүчөсү болгон. 1926-жылы Ленинград шаарындагы чек арачылар мектебин, 1929-жылы партиялык агартуу курсун, 1932-жылы Техникалык академиянын алдындагы Кызыл директорлор курсун бүткөн.

1975-жылы Украинада каза болгон.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленинградда партиялык жооптуу кызматтарда иштеген.

1938-ж. Кыргызстан КомПартиясынын Борбордук Комитетинин уюштуруу -партиялык бөлүмүнүн инструктору болуп эмгектенген.

1938-40-жж. Тянь-Шань обкомунун катчысы, ал эми 1941-42-жж. Кыргызстан КомПартиясынын Борбордук Комитетинин курулуш жана курулуш материалдар боюнча катчысы болуп иштеген.

1943-44-ж. Ош обкомунун жана шааркомунун 1-катчысы болгон.

1944-66-ж. Украинада партиялык кызматта иштеген.

1938-1947-жж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси» ордени жана медалдар м-н сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусуна 70 жыл. Энциклопедия. - Бишкек,2009