Закир Камарёи

Википедия дан

Камарёи Закир Паша оглы [1942-жылы туулган, Азербайжан, Кировабад (азыр Гянжа) шаары] — онколог, медицина илимдеринин доктору (1988), профессор (1995). КММИни бүтүргөн (1967). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2003). Кыргызстан онкология жана радиология ИИИде (учурда Улуттук онкология борбору) врач болуп иштеген (1967—71), ошол эле институттун аспиранты (1971—74), окумуштуу катчысы (1974—78), институттун директорунун орун басары (1975—85), директору (1986—97), 1997жылдан КРСУда кафедра башчысы, бир эле мезгилде медициналык борбордун жетекчиси. Жалпы жана балдар онкологиясы боюнча адис. 90дон ашык илимий эмгеги, анын ичинен 1 монографиясы бар. Эмгек: Поликлиническая онкология детского возраста (в соавторстве). Б., 1991; Эпидемиология злокачественных опухолей у детей в Кыргызстане. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]