Зандр
Көрүнүш
Зандр (исландча sandr, sand кум) байыркы жана азыркы мөңгүлөрдүн четтериндеги эриген суулардын аракетинен пайда болгон түздүктөр. Кум жана жумуру таштардан турат. Плейстоцендеги муз каптоо жүргөн аймактарда кеңири тараган. Полесьеде, Мещёра жана Батыш Сибирь ойдуңдарында кеңири аянттарды ээлеп жатат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5