Зарыл эмгек

Википедия дан

Зарыл эмгек - материалдык өндүрүштө иштеген жумушчулардын зарыл продукт өндүрүүгө чыгымдалган эмгеги.

Зарыл эмгек коомдогу өндүрүштүк мамилелерге жараша болот. Алгачкы жамаат коомдогу эмгек дайыма Зарыл эмгек болуп, адамдардын жашоо каражатын камсыз кылууга гана жараган. Кул ээлик мезгилде, феодализм учурунда жана капитализмде эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнүн натыйжасында Зарыл эмгек жумуш күнүнүн бир бөлүгүн ээлеп, калган үлүшү эзүүчүнү байытуучу кошумча эмгек түзгөн. Эзүүчүлөр дайыма Зарыл эмгекти азайтууга, жалданма жумушчулардын турмуш-тиричилик деңгээлин начарлатууга, кошумча эмгек убактысын узартуу менен эмгекчилерди эзүүнү күчөтүүгө умтулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.