Заряддагыч генератор

Википедия дан

Заряддагыч генератораккумулятор жана конденсатор батареяларын заряддоочу электр генератору.

Заряддагыч генератор катары жарыш (шунттуу) дүүлүктүргүч туруктуу токтун генератору пайдаланылат. Мындай генератордун клеммаларындагы чыңалуусу дүүлүгүү тизмегиндеги реостаттын жардамы менен кеңири чекте жөнгө салынат. Заряддагыч генератор «заряддоо-разряддоо» циклдүү жумуштарында колдонулат. Үзгүлтүксүз заряддап туруу үчүн Заряддагыч генератордун сырткы түрү жантайма абалда болушу керек. Бейтарап зонадагы чачыратуучу уюлдарга магнит көпүрөсүнүн негизги уюлдары менен биригишкен аралаш дүүлүгүү генератору ушул таланты канааттандырат. Заряддагыч генератор иштей баштаганда негизги уюлдардан чыккан агым чачыратуучу уюлдардын агымынын аракети аркылуу якорго багытталып жиберилет. Натыйжада пайдалуу магнит агымы көбөйөт да, Заряддагыч генератордун жумуш аткарып жаткан бөлүгүнүн сырткы түрү горизонталь абалда болуп калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.