Зар-заман
Зар-заман (иранча зар-кайгы, ый) Молдо Кылычтын эң ири чыгармасы. Жазылган жылы тууралуу автор төмөнкүчө баяндайт:
- Бир миң үч жүз он алты.
- Мусулманча бул сана
- Отуз эки жашында,
- Молдо Кылыч бечара.
«Зар-заман». санат түрүндө жазылган. Кыргыз адабиятында көлөмү жагынан «Зар-заманга» теңдеш келе турган башка эч кандай санат ыр жок. «Зар-заман» сюжет жок, окуясыз, ал макал сыяктуу мааниси терең, үлгү, насыят сөздөр менен толтурулган. «Зар-заманда» пикирлерди иретке келтирип, акылга сыйыштыруу өтө кыйын. Анда, биз көнүп калган тема, глава, бөлүмдөр ж. б. учурабайт. Молдо Кылыч «Зар-заманга» башынан кирип «сайратып» жүрүп олтуруп, аягына бир чыккан. Ошондой болсо да, маанисине карай бир ыңгай байкалат.
«Зар-замандын» баш жагында негизинен коомдук турмуштун абалы баяндалат. Мында Падыша өкмөтүнүн, бий-болуштардын сурагы сүрөттөлүп, мунун натыйдасында эл арасы бузулуп, куулук-шумдук көбөйүп, бей-бечаралардын зар турмушу айтылат. Анан элге санаттарын сүйлөй баштайт. Молдо Кылыч «Зар-заманда» санаттары аркылуу коомду өзгөртүп, заманды оңдогусу келгени байкалат. Эл бийлеген «жакшыларды» адилетүү, боорукер болууга, элдин оор турмушуна каралашууга чакырат. Карапайым элге тиричилик санаттарды айтат: өз мээнетиңер менен күн көргүлө, бириңерге-бириң кайрымдуу болгула ж. б. «Зар-замандын» орто бөлүмүндө пайгамбарлардын тарыхы жөнүндө айтылат. Бул жерде өмүр менен өлүм маселелери козголуп, бул дүйнөдөн жөнөкөй пенделер эмес, кереметтүү пайгамбарлар да өтөп кеткен делет. Ошондуктан, бириңерге-бириң жамандык кылып, курулай күнөөнү көтөрө бербегиле, азыноолак өмүрдө саламдашып өткүлө деген пикирди айтат. Молдо Кылыч өлүмдү эскертип, дагы эле болсо, ал аркылуу коомдук турмушту оңдогусу келген.
«Зар-замандын» мазмуну жагынан кыргыз коомчулугундагы саясий жана философиялык ойдун өнүгүш деңгээлин жана багытын көрөбүз. «Зар-заман». чыгармасынын аягы төмөнкү ойлор менен бүтөт:
- Айта берет «зар-заман»
- Айып дебе шайырды
- Орустун кана жазыгы?
- Малайга берет акыны,
- Падышалуу чиркиндин
- Мыйзамга туура жатыгы.
- Каратса да жериңди,
- Арзан кылды эгинди,
- Сураса кыргыз орусту,
- Тердирет эле коңузду.
- Акы бербей аларга,
- Салат эле жумушка.
- Кылба журтум убайым,
- Орусту берген кудайым,
- Мусулманга карата,
- Деп тилеймин, сураймын.
- Мусулмандан кан болсо,
- Курутпайбы жудайын?
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Зар заман (Викибулакта)
- Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6
- Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8