Зеравшан дарыясы

Википедия дан
Зеравшан
Зеравшан дарыясы (Тажикстан).
Зеравшан дарыясы (Тажикстан).

Зеравшан дарыясы, 3арафшон (жогорку агымы Матча) Тажикстан менен Өзбекстандагы дарыя. Узундугу 877 км, алабынын аянты 17,7 миң км2. Көк-Суу тоо тоомундагы Зеравшан мөңгүсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү түздүк аркылуу агат. Орточо чыгымы 162 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан, Аму-Дарыяга жетпейт. Катта-Коргон жана Куюмазар суу сактагычтары курулган. Зеравшандын төмөнкү агымы Аму-Бухара каналы аркылуу Аму-Дарыянын суусу менен толукталып турат. Зеравшан өрөөнүндө эл жыш отурукташкан. Боюнда Пенжикент, Самаркан, Бухара жана башка шаарлар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]