Зергер суусу

Википедия дан
Зергер суусу

Зергер суусу, 3аргар (фарсча зэр алтын; гер/ гар тоо) Өзгөн районундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан башталган Талды-Суу менен Түрпүсуунун кошулушунан пайда болот. Узундугу (Талды-Сууну кошкондо) 54 км (Талды-Суу менен Түрпүсуу кошулган жерден Жазыга чейин 33 км), алабынын аянты 216 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2020 м. Күлдөбөс тоосунан (бийиктиги 2995 м) башталып, жогорку агымына бир нече булак суу куят. Куймасы Ничке кошулгандан кийин жазы өрөөнгө чыгат. Куймалары: Ничке (27 км), Кутурган (10 км). Жылдык орточо чыгымы 2,92 м3/сек. Негизинен кар, жаан-чачын, булак-сууларынан куралат. Өрөөнгө чыга бергенде, сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Алабы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]