Ничке

Википедия дан

НичкеӨзгөн районундагы суу. Зергердин оң куймасы (Жазынын алабы).
Узундугу 27 км. Алабынын аянты 94 км². Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2000 м. Суу куралуу областына кирет.
Кум-Бел тоосунун (Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы) түштүк-чыгыш капталынан чыккан булактан (2426 м бийиктиктен) башталып, кууш өрөөн аркылуу агат.
Жылдык орточо чыгымы 0,95 м²/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы февралда байкалат.
Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат.
Сугатка пайдаланылат.
Боюнда Ничке кыштагы бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.