Зияд ибни Салих

Википедия дан

Салих уулу Зияд — 751-жылдагы Талас салгылашындагы мусулмандардын кол башчысы, Аббасий халифинин мамлекетинде Хорасандагы Абумуслим деген наместниктин аскер башчыларынын бири.

Талас салгылашындагы эрдиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

750-жылы кытай армиясы Ташкент шаарын каратып, Орто Азияга коркунуч жараткандыктан, жергиликтүү эл араб аскерлеринен жардам сурап кайрылышкан. Ошондо Зияд өзүнүн араб жоокерлери менен жардамга жөнөтүлгөн.

Талас салгылашы

Кытай аскер башчысы Гао Сяньчжи түпкү теги кореец болсо да, баатырдыгы менен айырмалангандыктан, 20 жашында эле Тан империясында генерал наамына жеткен күчтүү колбашчы болгон. Ал биринчи жортуулунда Памир тоолорундагыларды каратып, экинчисинде Ташкентке (эски аты Шаш) кол салып кайткан. Шаардан көптөгөн алмаз, алтындар жана жылкылар тонолуп, шаар башчысы жана туткундар өлтүрүлгөн. Ташкент башчысынын уулу туткундан качып, араб аскерлерине жардам сурап барган.

Ошентип, 751-жылы Талас суусунун жээгинде Зияддын араб жана орто-азиялык жоокерлерден турган 30-40 миң колу менен Гао Сяньчжинин 30 000 кытай аскери беттешкен. Кандуу салгылашуу 5 күнгө созулуп, көптөгөн жоокерлер согуш майданында курман болушкан. Салгылаш маалында кытайлардын тарапташы болгон карлук уруусу чечимин өзгөртүп, кытайларга арттан сокку урганда гана тополоң токтогон. Кытай аскерлеринин азыраагы Гао Сяньчжи, Ли Сые, Дуань Сюши ж.б. башчылыгында артка качууга аргасыз болгон. Ал эми туткундалып калган кытай жоокерлерин мусулмандар кырып салуунун ордуна алардан кагаз өндүрүүнү үйрөнүшкөн.

Бул салгылаш эки цивилизациянын кагылышуусу гана болбостон, орто-азиялыктардын эркин болушуна жана исламды кабыл алышына шарт түзгөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]