Мазмунга өтүү

Зомбулук (тасма)

Википедия — ачык энциклопедия
Зомбулук (тасма)
РежиссеруКитано Такэси
Продюсер
ЖазуучуКитано Такэси
ОператоруКацуми Янагисима
ТартылгандарКитано Такэси
Сиина Киппэи
МузыкасыСудзуки Кэйити
РедакторуКитано Такэси
СтудияOffice Kitano
Жайылтуучу
Чыккан жылы
  • 17 май 2010 (2010-05-17) (Канн)
  • 12 июнь 2010 (2010-06-12) (Жапония)
Узактыгы109 мүн.
Өлкөсү Жапония
ТилиЖапон
Англис
Киреше634 млн иени

"Зомбулук" (жап. アウトレイジ - Autoreiji, англ. Outrage, орус. Беспредел) - 2010-жылы Такэси Китано тарткан жана катышкан жапон якудза тасмасы. Тасма 2010-жылы Канн фильм фестивалында "Palme d'Or" наамы үчүн ат салышкан. 2012-жылы "Зомбулуктан тышкары" деген аталыш менен тасманын уландысы чыккан.

Көздөгөн максаты жок же тапкан кирешеси аз болгондуктан тасманы Такеши Китано оюн-зоок тасмасы деп белгилеген. Ал муну өзү өнүп-өскөн тасма жаатына кайтып келүү деп эсептегенден алыс. Бирок "талантым бар деп санаган якудза жанрына" кайтып келдим деген. Китано сценарий жазаардан мурда каармандар кандай өлтүрүлүшү керек экенин жазып чыгып, андан соң гана окуясын жазган. Тасманын продюсерлери "Office Kitano", "Bandai Visual", "TV Tokyo" жана "Omnibus Japan". Китанонун мурунку тасмаларында тартылбаган актерлор катышканын продюсерлер жана Китано өзү да адаттан тыш катары баалаган. Тасма 2009-жылдын 23-августунан 23-октябрына "CinemaScope"то тартылган. Тасма Кобе жана Ибараки аймактарында тартылган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]