Зона өсүмдүктөрү

Википедия дан

Зона өсүмдүктөрү - жер бетиндеги ар бир зонага (мис., тундра, токой, боздод, чөл ж. б.) мүнөздүү табигый өсүмдүктөр.

Айрым учурда нымдуулуктун кескин өзгөрүшүнө жана микрорельефке байланыштуу Зона өсүмдүктөрү даана байкалбайт. Ар бир зона өсүмдүктөрдүн көп сандаган формацияларын жана ассоциацияларын өзүнө камтыйт. Түндүктөн түштүккө карай климаттын өзгөрүшүнө жараша Зона өсүмдүктөрү да алмашат. Алар ээлеп турган көп жерлер жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.