Зоогеография
Зоогеография, жаныбарлар географиясы - географиянын жана зоологиянын жер бетиндеги жаныбарлардын геогр. таралышын изилдөөчү бөлүгү. Ал систематика, палеонтология, экология ж. б. биологиялык илимдер менен тыгыз байланыштуу. 18-кылымда зоогеографиялык экспедициялар уюштурулуп, чогулган материалдар 19-кылымда жыйынтыкталган. 3оогеографиянын өсүшүндө Ю. И. Семашко, Н. А. Северцов жана А. П. Семёнов-Тян-Шанский ж. б. орус илимпоздорунун эмгеги зор. 3оогеографиянын мааниси жаратылыш байлыктарын сарамжал пайдалануу зарылдыгына негизделген. Анын негизги ыкмасы зоологиялык карта түзүү жана андагы түрлөрдүн жашаган ареалын тактоо. Түрлөрдүн таралышы, курамы боюнча жыйынтыктар ошол өлкөнүн фаунасы жөнүндө жалпы маалымат берет. Белгилүү бир аймакта гана жашаган түр эндемиктер деп аталат. Акыркы жүз жылда адамдын иш-аракетине байланыштуу табиятты өзгөртүү (айдоо, токой кыюу, саз кургатуу, кырып жок кылуу, курулуш ж. б.) фаунанын өзгөрүшүнө, айрым түрлөрдүн тукум курут болушуна, ошондой эле кээ бир жаныбардын адамга көнүп же мителик кылып жашап, ылайыктанышына алып келди. 3оогеография түрдүн пайда болуу жолдорун жана себебин изилдөө, аңчылык, балык кармоо, токой жана айыл чарбанын зыянкечтерин жоготуу, пайдалуу жана териси баалуу айбанаттарды коргоо ж. б. маселелерди чечүүдө практикалык мааниси чоң.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5